Жарым жылга чукул  текшерүүдөн  кийин Матраимовдун жана анын жакындарына тийиштүү мүлктөн 24 миллион 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн Финполиция жарыялады. Ошондой эле ага тийиштүү чет мамлекеттеги мүлктөр дагы иликтенип жатканын айтышты.  Финполициянын бул жыйынтыгы Матраимовдордо маселе бар экенин ачыктадыбы?

 

Бул суроо менен биз саясий серепчи Марат Казакпаевге кайрылдык.

 

-Раимбек Матраимовдун жана анын жакындарынын мүлкү боюнча фин полиция узакка созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Матраимовдор аркылуу сыртка  чыгып кетти деп  элди уу-дуу кылган факт боюнча маалымат такталбай калды. Эми бул иш боюнча башка укук коргоо органдары иштейби же маани бербей коёбу маселе ошондо. Анткени, финполиция кылмыштын фактысын тапкан жок. Негизи ал акча которуптур, бул акча чогултуптур деп эле чурулдап жатышат. Чынында бизнесмендер акча которгондо же чогултканда убактысынын аздыгынан курьер жалдашат. Курьерлер акчаны чогултуп, а алып бар деген  жерине алып барып беришет, - деди саясий серепчи.  

 

Чындыгында, өздөрүн эгемендүү көрсөткүсү көрсөткүсү келген өлкөлөрдүн “көз карандысыз” саясаты Москвага, же Вашингтонго байланган. Кийинки кездери Пекиндин да пикирине муктаждык жаралды. Ал эми бул дүйнөлүк саясаттын аталган үч борбору бири бири менен тыгыз алакада.

 

 Чындыгында, чакан мамлекеттер өздөрүн эгемендүү көрсөтүүгө аракеттенишкени менен алардын “көз карандысыз” саясатынын учугу Москва, же Вашингтондон табылат. Кийинки кездери Пекинге да саясий маселелерде муктаждык жаралды. Ал эми дүйнөлүк саясаттын аталган үч борбору бири бири менен жол талашышат.