Жарым жылга чукул  текшерүүдөн  кийин Матраимовдун жана анын жакындарына тийиштүү мүлктөн 24 миллион 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн Финполиция жарыялады. Ошондой эле ага тийиштүү чет мамлекеттеги мүлктөр дагы иликтенип жатканын айтышты.  Финполициянын бул жыйынтыгы Матраимовдордо маселе бар экенин ачыктадыбы?

 

 

Бул суроо менен биз саясий серепчи Марс Сариевге кайрылдык.

 

-Матраимовдордун элдин көңүлүн бурган маселеси боюнча Финполиция өз жыйнтыгын чыгарып, салык төлөбөгөнүн ачыкка чыгарды.  Менин тегерек үстөлдө айтканым туура чыкты. Айтайын дегеним, Матраимовдор маселеси чоң саясат үчүн эле көтөрүлдү. Анткени,  Кара- Суу району президенттик, парламенттик шайлоодо маселе чече турган калкынын саны көп, чоң  райондордон. Матраимовдордун кланы эбактан бери эле бизнес кылган, капчыгы калың, элин колуна алып койгон таасирдүү кландардан. Шайлоо жакындап калганына байланыштуу Атамбаев Жээнбековду санаалаштарынан ажыратыш үчүн ушул маселени көтөрдү. Бирок, элди уу-дуу кылган “Азаттык” жарыялаган иликтөөдө көрсөтүлгөн каражат далилденбей жатат. Тескерисинче, Элнура Алканованын иликтөөсүндө жасалма кол коюлар  чыкты.   Матраимовдор боюнча айрым маалыматтар ачыкталды. Өзбекстандык, Кытайлык  1000 деген майда бизнесмендерго коридор ачып берип, өз үлүшүн алып жүргөнү байкалды. Эгер азыркы коррупция менен күрөш чындап күчүнө кирсе, анда көмүр ташыган чоң олигархтарды да көз жаздымда калтырбай текшериш керек. Антпесек  алар чекесинен кача баштады, - деди Марс Сариев.