Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан бензанолду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.
 

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

 

Атап айтканда, 81,8 тонна бензанол алып келе жаткан 3 унаа кармалган. Импорттоочуларда товарды алып келүүгө уруксат берүүчү бардык документтери жок болгон: салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы.
 

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.