Жарым жылга чукул  текшерүүдөн  кийин Матраимовдун жана анын жакындарына тийиштүү мүлктөн 24 миллион 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн Финполиция жарыялады. Ошондой эле ага тийиштүү чет мамлекеттеги мүлктөр дагы иликтенип жатканын айтышты.  Финполициянын бул жыйынтыгы Матраимовдордо маселе бар экенин ачыктадыбы?

 

 

Бул  суроо менен биз саясий серепчи Орозбек Молдалиевге кайрылдык.

 

 

-Финполиция  Раим Матрамимовдун мүлкүн эмес, анын туугандарына, үй -бүлөсүнө катталган мүлктөрдү текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бирок, текшерүүгө жарым жылдан ашык убакыт коротулгандын өзү көңүлдү бурган маселелерден экенин айткым келет. Маселе Матраимовдордо эле эмес, текшерүүчүлөрдө да болушу мүмкүн. Бул фирмалар неге убагында салык төлөшкөн эмес? Муну да ачык айтпай жатышат. Бул жерде коррупциялык алакалар бар болгон үчүн иш илең-салаң жүрүмүш этип жаткандай сезилет. Баарынан кызыгы, биздеги олигархтардын энелери да заматта бай болуп чыга келет. Ар кайсы шаарларга там салып, бак-дарак өстүрүшүп, - деди саясий серепчи.