Ушул жылдын 18-июлунда “Жерүй” өндүрүш аймагына КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Талас районунун акими Замир Сыдыков, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Каныбеков, Бекмолдол айылдык кеңешинин депутаттар тобу: спикер Абаз Ибраимов, депутаттар Бакыт Алыбаев, Болоткан Асранов, Элмира Бешкемпирова, Уларбек Боркеев, Муратбек Жекшенов, Жанболот Жунушов, Нуркалый Кошчалиев, Улан Курманалиев, Шумкарбек Куттубаев, Кубаткелди Орозалиев, Амантур Оторбаев, Замирбек Сатаев, Тойчубек Чыналиев жана Таластагы жергиликтүү журналисттер барышты. Алар калдыктарды сактоочу жайдын курулуш иштери менен таанышты. Анда  жайда учурда геомембрана төшөлүп жатат. Баргандар алтын бөлүп алуучу фабриканын башкы корпусунун курулушун да көрүп чыгышты.

 

Марат Мураталиев экологиялык сапататтуу стандарттарды сактоо сөзсүз болууга тийиштигин жана Талас алтын өндүрүү комбинатында бул башкы талап экенин белгиледи.

 

“Компания мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик менен жумуш жаатында тыгыз байланышта болуусу керек. Жергиликтүү калк үчүн абдан маанилүү болгон маселелер чогуу-чаран чечилиши зарыл. “Жерүй” алтын кени Бекмолдо айылынын, Талас облусунун, жалпы Кыргызстандын өнүгүшү үчүн иштөөгө тийиш”,- деди Марат Мураталиев.

 

Губернатор дагы жалпыга маалымдоо каражаттарын “Жерүй” компаниясынын ишмердүүлүгүн байкаштырып, калыс чагылдырып турууга чакырды.

 

Талас активинин өкүлдөрү алтын кениндеги иштер жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу калкты дайыма кабардар кылып туруу зарылдыгына токтолушту.

 

“Бизди “Жерүй” долбоорундагы экологиялык аспект тынчсыздандырат. Эл ар кандай ушак кептерди угуп, санаага алдырышат. Аларды тынчтандыруу үчүн алтын кендин ишмердүүлүгү менен тааныштырган иш чараларды өткөрүп, жолугушууларды тез тезден уюштуруп туруу керек”, - деп белгилешти алар.

 

 “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Михаил Шубин компания өз милдетин тыкыр аткарып, элге ачык болооруна ишендирди. “Жерүй” алтын кениндеги тоо иштери ушул жылдын октябрь айында башталат.

 

 “Альянс Алтындын” адистери ЖМКнын жана депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Негизинен, алар калдыктарды сактоочу жайдын коопсуздугу реагенттерди бийик деңгээлде зыянсыздардыруу, калдыктарды зыянсыздандырып, жарым ным абалында топтоо, кыскасы, жаратылышка зыяндуу заттардын чыгып кетпеши толугу менен ойлонулуп, алдын алынганын түшүндүрүштү.

 

“ААЕngineering Group” башкы подрядчы компаниянын башкы инженери Айзада Мамбеткул кызы жолугушуунун катышуучуларына калдыктарды сактоочу жайдын курулушуна жогорку сапаттагы материалдар колдонулаарын белгиледи.

 

“Жерүй” калдыктарды сактоочу жайдын өзгөчөлүгү бул жерде жарым кургак кампа болот. Жер төрт катмар менен корголот. Бул технология жалпы калдыктарды сактоочу жайдын коопсуздугун сактап, аны менен катар жер алдындагы калган суулардын агып кетишине жол бербейт. Бул өз кезегинде сууларды булгануудан сактайт”, - деп айтты А.Мамбеткул кызы.

 

 

 “Майдан. kg” гезити