Баткен облустук администрациянын маалыматына караганда, учурда  Ак-Сай айылынан коопсуз жайларга  жалпысынан 674 адам көчүрүлдү.  

 

Эске салсак, кечээ, 23-июлда 315 тургун Ак-Сай айылынан көчүрүлүп,  Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, мектептин  жана медресенин имаратына убактылуу жайгаштырылган.

 

Ошол эле күнү саат 16:00 чамасында атышуу кайрадан башталгандыктан, дагы  359 тургунду айылдан алып чыгууга туура келген. Алардын арасында  жаш балдар, аялдар жана улгайгандар басымдуулук кыла.   263 тургун туугандарынын үйүнө жайгашкан. Калган 411 тургун  кесиптик лицейдин жана медресенин имаратында болушууда.