Үч жыл катары менен күзүндө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп, дүйнө жүзүнө дүң болуп, бир чети жети облусттун калкы биригип, ынтымагыбыз чыңала баштаганга көнүп калгандыктан, былтыр эстафетаны Түркияга өткөрүп берген соң, бир аз ичибиз тыз дей түшкөн. Анткен менен президент жыл сайын республикалык деңгээлде Көчмөндөр оюнун өткөрүүнү демилгелеп, алгачкы оюндар Таласта өткөрүлөрүн жар салган болчу.

 

Ошондуктан ушул жумада өкмөт тарабынан Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү  комитети түзүлдү.

 

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

 

Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

 

Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Р. Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

 

Учурда  Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.

 

Айтор сентябрда жамы кыргыз журту Таласка чогулуп, Манастын мекенинде улуттук оюндар менен маданий иш чаралар дагы бир ирет даңазаланмакчы.

 

 

 

  Булак: “Майдан. kg” гезити