Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан жагач материалдарын, коон, экологиялык отун майын жана тиричилик химиялык заттарын ташып ташып келүүдөгү бузууларды аныкташты.
 

Алсак, "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 3 млн сомдон ашуун суммада 88 миң 704 даана тиричилик химиялык заттарын (аэрозоль идишиндеги Дихлофос) алып келе жаткан автомашина кармалды. Импорттоочунун товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон. Ошол эле жерден товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты жана коштомо кагазы жок 30 кубметр жыгач материалын алып келүү фактысы аныкталган.
 

"Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан баасын төмөндөтүп көрсөтүү менен 19 миң 539 тонна экологиялык отун майын алып келе жаткан авто унаа кармалган.
 

Мындан тышкары, ушул эле контролдук-өткөрмө пунктунан импорттоочу товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок 20 тонна коон алып келгендиги аныкталган.
 

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.