Кыргыз-тажик чегарасындагы абал учурда тынч. Аталган аймакта кечээ Кыргызстандын Аксай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак орун алган.
Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришкендей, аймакта элдин топтолуусу жок.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңжал орун алган жерге бараарын билдирди. Айтымында, кырдаал оор бойдон калууда.