Чүйдүн Жайыл районунда аракка ууланып каза болгон алты жаштагы баланын өлүмү боюнча бир адам камакка алынды.

 

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча бир нече адам суракка алынган. Анын жыйынтыгында Жайыл районунун 31 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган адам чарчап калган наристенин энеси менен жашаган 60 жаштагы адамдын уулу болот.

 

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат.

 

20-июлда Жайыл районунда алты жаштагы бала аракка ууланып чарчап калган. Милициянын маалыматы боюнча, наристеге апасы менен чогуу ичимдик ичкендер эки стакан арак ичиришкен.

 

Бала Жайыл райондук аймактык ооруканасында бир нече күн бою жандандыруу бөлүмүндө комада жатып, эсине келбей чарчап калды.