Бүгүн, 23-июлга карата Аксай айылынын тургундары №57 кесиптик лицейинин жана №3 орто мектептин имараттарына жайгаштырылды. Тийиштүү түзүмдөрдүн аракетин координациялоочу штаб түзүлдү.

 

Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришкендей, бүгүн саат 7:30га карата абал тынч.

 

 Эске салсак, чегарадагы эки өлкөнүн тургундарынын ортосундагы жаңжал кечээ 17:20да болгон. Жаңжалдын себеби – Тажикстандын Ворух айылынын тургундары айылга кире бериш жерге түркүккө байланган желекти орнотушкан.

 

Кыргызстандын Аксай айылынын тургундары ага каршы болушкан да, эки өлкөнүн жарандарынын кайым айтышуусу башталган. Жыйынтыгында, бир тарап курал колдонгон. 5 адам жараат алган.