Москва шаарында кыргыз документтерин принтер аркылуу чыгарып, аларды Кыргызстандын жарандары менен катар башка коңшу өлкөлөрдүн жарандарына сатышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жана Москва шаарындагы полиция кызматкерлери биргеликте жасалма паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү пайдалануу фактысын ачыкташты.

 

 Ошондо, Кыргызстандын жараны 1985-жылы туулган М.Ш. (Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну) жана Ысык-Ата районунун 1997-жылы туулган Б.Ж. аттуу тургуну Москвада документтерин жоготуп алышкан. Алар өздөрүнө мыйзамсыз документтерди белгисиз адамдардан акчага сатып алышкан. Жасалма документтерди алышкандан кийин жүргүнчү ташуу менен алектенишкен.

 

 Алардан сырткары коңшу өлкөнүн жарандары 1995-жылы туулган Т.С. жана 1984-жылы туулган жарандары Россияда иштөө үчүн белгисиз тарап менен келишим түзүп, кайсы бир баага Кыргызстандын паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн сатып алышкан. Ал документтер менен таксиде иштешкен.

 

 Экспертиза жасалма документтер принтер аркылуу басылганын аныкташкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү амалдар жүргүзүлүүдө.