Абдалиев Кабыл Кушбакович Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2019-жылдын 22-июлундагы буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

 

Кечээ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Салык кызматынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

 

Премьер-министр ведомствонун жаңы башчысына МСКнын алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди белгилеп, салык кызматынын ишинде жана жалпы эле салыктык башкаруу системасында башталган олуттуу реформаларды улантууну тапшырды. Ал ошондой эле, Салык кызматынын жаңы жетекчиси салык тармагында чоң тажрыйбасы бар экенин, 2012-жылы Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси болгондугун белгилеп өттү.

 

КР Өкмөтүнүн башчысынын башка буйругу менен, МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаров берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.