Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

 

Ушул күндөрү Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча 18-дүйнө чемпионаты өтүп жатат. 21-июлда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээледи.

 

Петрашов аралыкты 1 мүнөт 94 секундада сүзүп өтүп, олимпиадалык нормативди толтурду жана жолдомого ээ болду. Бул - кыргызстандык спортчуларга 2020-жылы Токиодо өтө турган олимп оюндарына берилген алгачкы жолдомо.