Бишкекте туристтер жерге балмуздак түшүрүп алышкан. Жигит менен кыз балмуздакты алып урнага ташташкандан кийин, жерде калган калдыгын кагаз сүлгү менен сүртүп чыгышкан. Алардын бул кылганын байкап турган адам камерага тартып алган. 

 

Видеодон кыз менен жигитти арыраак жакта сары жилет кийген адамдардын тобу күтүп турганын көрүүшө болот. Алардын Түштүк Кореядан келген туристтер экени белгилүү болду. 

 

 

Соцтармакка жүктөлгөн видео коомчулуктун ыраазычылыгын жаратты. Алар кореялыктардан жакшы сапаттарга үйрөнүү керек деп айтышууда.