ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап кетүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды. 

 

Билдиришкендей, бир жарым миң күч кызматкерлеринен турган кол салуу, же кармап кетүү эч убакта болбойт. 

 

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева кечээ соцтармактагы баракчасына Атамбаевди күч менен кармап кетүүгө бир жарым миң күч кызматкерлери даярдалганын, кол салуу бүгүн түштөн кийин болоорун жазган. 

 

Ал эми бул убакта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө тарапташтары чогулуп, күч менен кармап кетүүчүлөрдүн келишин күтүп отурушат.