Учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "капысынан кол салуучу" күч органдарынын кызматкерлеринен коргоого даяр болгон 30 чакты адам Кой-Таштагы үйүнүн короосунда турушат. Аларга арналып кой да союлду. 

 

Ал жердегилердин айтымына караганда, дагы бир жарым сааттан кийин атчандар келишет, алардын саны 800дөн кем эмес. 

 

Ал эми короодогу тарапташтар өздөрүн абдан ачуулуу кармап, журналисттерге ороңдоп, камераны жанына жолотпой башташты. 

 

КСДПнын мүчөсүнүн айтымында, ал жердегилерде ок атуучу куралдар жок, бирок кол салуу болсо Атамбаев башка ыкмалар менен коргонот. Кандай ыкма экени айтылбады.