Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) дарегине Ош облусунун Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Маматалиева Райкан Жононовна аталган борбордун башкы дарыгери Э.Көккөзов тарабынан куугунтукка кабылып, мыйзамсыз иш аракеттери боюнча даттануу келип түшкөн.

 

Арызда жана ага тиркелген иш кагаздарында Ош облусунун Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Э. Көккөзов, Ош облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери С. Шерматова, Кыргыз Республикасынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башкы дарыгери Т. Исаков жана анын орун басары А. Сыдыкановдор биргелешип атайын уюшулуп, Р. Маматалиеванын үстүнөн түшкөн арыз-даттануулары боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшүп, жогорудагы жетекчилер арыздарды текшеруунун тартибин бузуп Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын 2018-жылдын 17-майында чоң залында атайын жыйын өткөрүшкөндүгү баяндалат.

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талабына ылайык келип түшкөн арыздар мамлекеттик администрациянын залында эмес, жеринде текшерилип жыйынтык чыгарылууга тийиш. Жогорудагы арыздар боюнча Ош облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун атайын комиссия түзүлүп келип текшерилип, 2018-жылдын 24-март куну чыгуу №08\336 каты менен ОАА жана МСЭК департаментинин директору Т.Б.Исаковко С.Шерматова жооп берген көрсөтүлөт. Кайрадан эле С. Шерматова өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып 2018-жылдын 17-майында №38-буйрукту Р. Маматалиевага карата буйрук чыгарып, ошол эле куну Р. Маматалиеваны куугунтуктап,кызматтан алуу максатында анын орун басарлары А. Эралиев, С. Бекмырзаев юристи И. Ганиев текшерүүгө келишип, Ош облусунун Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 17 инспектордун ичинен бир гана Р. Маматалиева тарабынан салынган айып пулдарды текшерип, мыйзам бузуулар болгон деп кысымга алышканы баяндалат. Эгерде айып пулдар боюнча туура эмес протокол түзүлсө, эмне себептен башкы дарыгер Э. Көккөзов токтом чыгарган деген суроону жаратканы жазылат. Ноокат райондук прокуратура салынган айып пулдар боюнча юридикалык баа берип, мамлекеттин казынасына түшкөн айып пулдарды С. Шерматова кайрадан ээсине кайтарууну көздөп, мамлекетке каршы чыкканы айдан ачык көрүнүп тургандыгы жөнүндө баяндалат.

 

Ошондой эле, башкы дарыгер Э. Көккөзов тарабынан 2018-жылдын 10-апрель куну №14 ал эми 21-апрель №11-буйруктары боюнча Р.Маматалиевага мыйзамсыз «сөгүш» берилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын бузууларды четтетүү тууралуу 2018-жылдын 3-майындагы № 0003295 сандуу эскертме жазуусунун негизинде Э. Көккөзовдун 2018-жылдын 12-майындагы № 17-буйругу менен берилген «сөгүш» жокко чыгарылган.

 

Арыз ээсине карата куугунтуктар уланып,райондук прокуратура тарабынан берилген 13.04.2018-жылдагы чыгуу 1\325 сандуу сунуш каты аткаруу учун П. Касымбаевага берилгенине карабастан жана 2018-жылдын 14-майныдагы Ош облусунун прокуратурасынын №11/41-18-санындагы катынын негизинде 1\325 СУНУШУ жокко чыгаргандыгы эске алынбастан 2018-жылдын 21-майында этика комиссия карап,ошол эле куну №3 протоколу менен башкы дарыгер Э. Көккөзовго Р. Маматалиеваны кызматтан бошотуу боюнча сунушун берет ,өз кезегинде анын негизинде Э. Көккөзовдун 2018-жылдын 22-майындагы № 16 жана 28-буйруктары менен Р. Маматалиева ОАА жана МСЭКБнун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулганы билдирилет.

 

Бул боюнча Ноокат райондук прокуратура 2018-жылдын 25-майындагы №1\465-18 каршы пикир келтирген, ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бузууларды четтетуу тууралуу 2018-жылдын 28-майындагы №0009624-сандуу эскертме жазуусунун негизинде башкы дарыгер Э. Көкөзовдун 2018-жылдын 28-майындагы №17-буйругу менен арыз ээси мурда ээлеген кызмат ордуна кайтарылган. Ошол эле куну 28.05.2018-ж.куну №231-чыгыш санындагы СУРАНЫЧ КАТ менен Э. Көккөзов ОАА жана МСЭКБнун профсоюздук комитенинин төрагасы Б. Осмоновго кайрылып, Р. Маматалиеваны кызматтан четтетүүгө макулдугун суранган.

 

2018-жылдын 31-майында ОАА жана МСЭКБнун кесиптик кошундун жалпы жыйынында ОАА жана МСЭКБнун башкы дарыгери Э. Көккөзовдун суранычы профсоюздук мүчөлөрүнүн талкуусуна алынып, жыйынтыкта ошол эле күнү жыйындын №1-протоколу менен Р. Маматалиеваны кызматтан четтетүүгө макулдугун берүү жөнүндө чечимге келишкен.

Демек, Р. Маматалиевага карата жетекчилик тарабынан бир нече ирет аны кызматтан кетирүү үчүн ар кандай себептер көрүлгөнү байкалып турат.

 

Мындан сырткары, тиркелген иш кагаздарда, Р. Маматалиева жумуш ордунда болгон жок деген мааниде 2018-жылдын 30-31 майында, 1,2,4 жана 5 июнунда (2018-жылдын 2 июну жекшемби дем алыш күнүнө туш келет) түзүлгөн бардык актыларында ОАА жана МСЭКБнун башкы дарыгери Э. Көккөзов кол койгон.

 

Териштирүүдө ОАА жана МСЭКБ нун башкы дарыгери Э. Көккөзов Р. Маматалиеваны кызматтан алуу тууралуу 2018-жылдын 5-июнундагы №23-буйругун кабыл алууда, аны кызматтан бошотууга көрүлгөн аракеттери (процедуралары) эмгек мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келет деген ойдобуз.

 

Жогоруда аталган буйрукту жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпсекциясынын (мындан ары – Инспекция) 2018-жылдын 12-июнундагы №0009625 сандуу бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилип, анын аткарылышы Инспекция тарабынан (аткаруучу Курбанов Ибрагим, жетекчиси Мокеев Адилет) белгисиз себептер менен көзөмөлгө алынган эмес.

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 147-статьясына ылайык, тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматкерден жазуу жүзүндөгү түшүнүк алынууга тийиш. Мындай түшүнүк берүүдөн баш тартуу, ал иш берүүчү тарабынан катталууга тийиш болгон акты менен жол-жоболоштурулат жана жаза колдонууга бөгөт боло албайт. Бирок, Р. Маматалиевадан түшүнүк кат алынган эмес. Ошондой эле, кызматтан бошотуу жөнүндө буйругу менен Р. Маматалиева өз убагында тааныштырылган эмес.

 

Мындан сырткары, Р. Маматалиевага эмгек китепчеси бүгункү күнгө чейин колуна берилбегендигине көңүл бурулган эмес. Мындай жагдайда, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 65-статьясынынын талаптары бузулууда деп эсептейбиз.

 

 Мындай жагдайда, кайрылуунун ээси Р. Маматалиеванын ОАА жана МСЭКБнун жетекчилиги тарабынан куугунтукка алынып, кызматтан бошотууга аракеттер көрүлгөн деген маалыматы чындыкка жатат деген пикирге келебиз.

 

Андыктан, Акыйкатчы институту Р. Маматалиеванын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маселерди карап чыгуу боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, ОАА жана МСЭКБнун башкы дарыгери Э. Көккөзовдун аракеттерине баа берүү үчүн комиссия түзүүнү жана анын курамына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын өкүлүн киргизүүнү суранып, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана ОАА жана МСЭКБнун башкы дарыгери Э. Көккөзовдун жана судьялардын аракеттерине укуктук баа берүүнү суранып Башкы Прокуратурага кайрылуу жөнөттү.

 

Акыйкатчы институту бул маселени мамлекеттик органдар акыйкаттуу карап, калыс чечим чыгарат деген ишеничте. Жыйынтыгы боюнча Р. Маматалиева кабардар болот.