Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму тарабынан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги Маматазиз Хажиматов, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укук жана коргонуу боюнча бөлүм башчысы Кадыр Бечелов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, РИИБдин өздүк курамы катышты.


Салтанаттын жүрүшүндө милициянын калк менен натыйжалуу иштешүүсүн жогорулатууда милициянын көчмө кабылдамасы маанилүү экендиги белгиленди. Ошондой эле заманбап автоунаа GPS навигатору менен жабдылып, онлайн түрдө көзөмөл кылууга мүмкүн экендиги айтылды. Өз кезегинде коомдук көчмө кабылдама милиция менен элдин мамилесин, ишенимин бекемдеп, көйгөйлүү маселелерди жеринен чечүүгө чоӊ мүмкүнчүлүк жарата турганы айтылып, өзгөчө алыскы айылдардагы калк менен жеринен иш алып барууда көчмө кабылдаманын ролу чоӊ экендиги белгиленди.


Милициянын көчмө кабылдамасы 102 кызматына байланышкан жарандарга барып, алардын арыздарын кабыл алат. Унаада атайын китепче болуп, ага кайрылган адамдын аты-жөнү, айы, күнү, эмне маселе менен кайрылганы, кабыл алган адамдын аты-жөнү жазылат.