Соң-Көл жайлоосунда туризмге арналган  этношаарчанын ачылыш аземи болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана туристтер катышты. 

 

Шаарча  Таалай Карпбековго таандык. Ал Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө мыкты сервис керек деген пикирин билдирди. Айтымында, Кыргызстандын туризм  тармагында потенциалы жогору.

 

Бул шаарчада туристтер үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Соцтармакта этношаардын айрыкча заманбап дааратканасы менен душу талкууга алынып, ыраазы болгондор көбөйүүдө. 

 

Таалай Карпбековдун айтымында, этношаардын курулушуна 7-8 миллион сом кеткен.