КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын кечээ күнкү билдирүүсүнөн кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө тарапташтары чогулууда.

 

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева соцтармактагы баракчасына: “Ишенимдүү булактардан экс-президент Алмазбек Атамбаевди 19-июлда мажбурлап алып кетүүгө күч кызматтарына буйрук болгонун уктук. Мындай кадам кайра ордуна келтиргис кесепеттерди алып келээрин бийлик унутуп койду окшойт...”, - деп жазып чыккан.

 

Анын айтымында, мажбурлап алып кетүү операциясына күч органдарынын 1500дөй кызматкерлери тартылат.

 

Учурда Кой-Таштагы мурдагы президенттин үйүндө абал тынч. Мурдагы президент жан-жөкөрлөрүн түн ортосунда чакыртып алганы белгилүү болду.

 

Мыйзамсыздыкка каршы күрөшүүчү элдик штаб деп аталган жайга 20дан ашуун адам келди. Арасында белгилүүлөр азырынча жок. Атамбаевдин туруктуу тарапташтары Фарид Ниязов, Асель Кодуранова, Ирина Карамушкиналар түшкө жакын келээри айтылды.

 

Ал жердегилерге түшкү тамакка куурдак жасоого союш үчүн кой алынып келинди. 

 

Атамбаевге ушуну менен үчүнчү ирет суракка чакырык барган. Бирок, мурдагы президент баруудан баш тартууда.