КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева соцтармактагы баракчасына кечээ маалымат калтырган.

 

Анда:

 

“Ишенимдүү булактардан экс-президент Алмазбек Атамбаевди 19-июлда мажбурлап алып кетүүгө күч кызматтарына буйрук болгонун уктук. Мындай кадам кайра ордуна келтиргис кесепеттерди алып келээрин бийлик унутуп койду окшойт...”, - деп жазылган.

 

Анын айтымында, мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө кол салуу бүгүн түштөн кийинки убакка белгиленген. Ага бир жарым миң укук күч кызматкерлери тартылат.

 

Эске салсак, Атамбаевге ушуну менен үчүнчү жолу суракка чакырык келген. Бирок, мурдагы президент баруудан баш тарткан.

 

Июнь айында анын кол тийбестик макамы парламент депутаттарынын көпчүлүк депутаттарынын добушу менен алынып салынган.