Салиев ага шотландиялык офшор фирма аркылуу ээлик кылары макалада айтылган.
Британиялык реестрдин маалыматына караганда, 31 жаштагы Асылбек Салиевдин шотландиялык "Altastar LP" жана "Maxforse LP" деген эки компаниядагы үлүшү 75% ашат.
Ошол эле маалда "Беларус улуттук биотехникалык корпорациясынын" бул компаниялардын биринде 11%, экинчисинде 11,5% үлүшү бар. Жалпысынан Салиев шотландиялык офшор аркылуу корпорациянын 22,5% көзөмөлдөйт. Беларус өкмөтү корпорациянын 25% ээлик кылат.
Былтыр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” жабык акционердик коомун Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош Даниил Урицкий деген киши жетектей турганы маалымат каражаттарында жарыяланган.
Асылбек Салиев Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин уулу.
2010-жылы апрель окуясынын натыйжасында бийликтен кеткен Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадициялоо аракетинен эмгиче майнап чыга элек. Апрель окуясы боюнча соттун жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, Жаныш Бакиев өмүр бою, экс-президенттин тун уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кенже уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал учурда Лондондо жашап жатканы белгилүү.