Мурдагы  премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын маалымат каражаттарына нааразы. Анын пикиринде, басылмалар  Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштер боюнча соттолуп жаткандар жөнүндө  бейтарап чагылдырбай жатат.

 

Ал бул тууралуу  Бишкектин Свердлов райондук сотундагы   соттук териштирүүдө билдирди.

 

"Мамлекеттик маалымат каражаттар  күбөлөрдү суракка алган бөлүктөрүн гана чагылдырышат. Аны менен  менен айыпталуучуларды алдамчы катары көрсөтүүнү каалашат.  Биз тергөөгө дайыма өз маалында келип, сурактан эч качан качкан эмеспиз. Мамлекеттик органдар эмне себептен мындай кадамга барып жатат? Мен мамлекеттик органдардын мындай аракетине нааразычылык билдирем. Бул  адам укугун бузуу болуп саналат", - деди мурдагы премьер-министр.