Кыргызстанда 1 миллион 300 миң унаа катталган.  Бирок, анын 700 миңи эле салык төлөйт.

 

Бул тууралуу  «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчи  орун басары Усеин Касмалиев билдирди.

 

" Учурда Кыргызстанда ишеним кат менен жүргөн унаалардын так санын айтуу кыйын. Болжол менен алар өлкөдөгү унаалардын жалпы санынын 40 пайызын түзөт", - деди ал.

 

 

Айтымында, аталган ишкана каттоого алуучу гана орган. Канча унаа ишеним кат менен жүргөнүн так айта алышпайт.

 

 

Мамлекеттик салык кызматына жыл сайын 700 миңдей автонун ээлери транспорттук салык төгүшөт.