33 жаштагы ата жети жаштагы уулунун колун сындыра чапкан.  Бала андан башка бир топ жарааттарды алган. 

 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, экспертиза баланын денесине жараат келтирилгенин тастыктады. Мындан улам атага карата КР Кылмыш жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. 

 

Жаран СИЗО-1ге киргизилди жана айып тагылды. Ошондой эле баланын апасы арыз жазып, айыпты колдоого даяр экенин билдирди. 

 

Эске салсак, окуя май айында болгон. Ата өзүнүн баласын баш мээси чайкалгыча сабаган. Укук коргоо кызматы атага кандай жаза көрүү керектигин экспертизанын жыйынтыгы чыкканда кабыл алууна чечкен.