- Бүгүн Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатинди, уулу Илимбекти акыркы сапарга узатып келдик...
Ошентип, досубузду бүт үй бүлөөсү менен бир заматта жоготуп, ичибиз ачышып турганда ар кандай ойлор келет экен..
Молдакундун туугандары маркумдун бүт үй-бүлөөсүн акыркы сапарга узатканда көрсөткөн жардамы жана адамкерчилиги үчүн республика жетекчилигине, президенттин, Жогорку Кеңештин аппараттарына чоң ыраазычылык билдиришти.
Экинчиден, өзгөчө ыраазычылыкты Чүй облустук админстрациясына, Аламедин районунун акимчилигине билдиребиз, булар чын ниетинен өзүлөрүнүн коллегасын акыркы сапарга узаткандагы түйшүктүн баарын тең көтөрүп беришти.
Үчүнчүдөн, ӨКМ министрлигине чоң раxмат, кырсыкка учураган 5 сөөқтү тең күнү-түнү издеп, аларды Көкөмөрөндөн таап, сөөк ээлерине тапшырып беришти.
Төртүнчүдөн, Суусамырдын тургундарына, Жумгал элине, ыктыярчыларга чоң раxмат. Досубуздун үй-бүлөсүн издеген ондогон туугандарын, досторун, жакындарын 15 күндөн бери үйлөрүнө жаткырып, тамак ашын берип, кайгысын тең бөлүшкөндүгүн жакындары эч качан унутпайт!
Молдакун Абдылдаев президент А.Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү катары 4 жыл чын ниети менен иштеп берди эле! Тилекке каршы ушул күндөрү, Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсүнө эбегейсиз кыйын күндөр түшүп турганда, кыздары да, жакындары да Атамбаевдин өзүнөн да, ага тиешелүү Апрель телеканалынан дагы, Атамбаевдин пресс-службасынан дагы бир жылуу сөз, бир эскерүү, бир кайгыны бөлүшүү сөзүн укпаганы өкүндүрбөй койбойт...
Бул маселени алардын абийрине коелу... МЧС сөөктөрдү издеп жүргөндө, жетим калган кыздары кан жутуп отурганда, Молдакундун мурунку шефи Кой-Таштагы үйүндө концерт коюп, кучакташып, вальс тээп жүрүштү.. 4 жыл бою ошол Атамбаевдин саясатын Жогорку Кеңеште жаман жакшы көрүнүп ашырып жүргөн Молдакунду Кой-Таштагы үй-бүлө эстеп да койгон жок, тилекке каршы...
Кош эми, Молдакун дос! Бүт үй бүлөөңдү жаныңа чогултуп алдың! Бейиштен насип кылсын Жараткан!
Булак: “Майдан. kg” гезити