Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын чечимине доо арыз менен сотко кайрылды. Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын Кыргызстандын мурдагы президентинин ар намысын коргоо боюнча арызды кайтаруу тууралуу чечим кабыл алган.
Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, мурдагы президент доо арыз жокко чыгарылганына нааразы жана териштирүүнү улантууну талап кылган.
Атамбаевдин адвокаттары Текебаевдин адвокаттары ага 10 миллион сом төлөп берүүгө милдеттүү жана 2017-жылдын март айындагы брифингдеги билдирүүлөрүн жокко чыгаруу керек деп эсептешет. Доо арыз Бишкек шаардык сотуна жазылды.