Саясатчы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Таран-Базар айылындагы мечиттин курулушуна демөөрчү болду. Ал соцтармактагы баракчасына айыл аксакалдары менен чай ичип отургандагы сүрөтүн жүктөдү.
Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев мечит айыл тургундарынын күчү менен курулуп жатканын, айрым саясатчылар да жардамын бергенин айтты.
Ал билдиргендей, Камчыбек Ташиев 19 миң кирпич алып барып берген. Андан башка да белгилүү адамдар демөөрчүлүк кылышкан. Андан тышкары айыл тургундары акча чогултушкан.