Ушул жылдын июль айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кийлигүүшүсү менен Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү тарабынан соода менен алектенген жана эмгектенген эмгек мигранттарын опузалоого жана карактоого шектелген Кыргызстандын тургуну кармалды. Каракчылыкка шектелип кармалган жаран мурда оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Эмгек мигранттары Россияга үй-бүлөөсүн багып, акча табуу үчүн барышса, тилекке каршы кээ бирөөлөр башка бирөөнүн акысыз жегени барышат.


Ушул жылдын апрель айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылып,  чала тааныш адамдар тарабынан карактап кол салынгандыгы жөнүндө билдирген. “Баха” аттуу адам белгисиз бирөө менен Москва шаарынын чыгыш тарабында ишкерге күч колдонуп автоунаасына салып, тапанча менен коркутуп ири өлчөмдөгү акча каражатына ээ болушкан.


Жабырлануучу жарандын арызын Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнө коштоп барып, аталган факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө (куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгүнүн аракети менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам коштоосу аркылуу “Баха” аттуунун өздүгү такталып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун 1977-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Казакстандын аймагында адам өлтүрүү үчүн соттолгон. Андан сырткары, ал 90-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында Кыргызстандын аймагында жасалган 25 кылмыш ишине тиешеси бар, анын ичинен өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянга учураткан каракчылык, 16 тоноо фактылары, 5 уруулук, 2 мал уурулук жана эркинен ажыратылган жайдан качуу. Шектүү 20 жылга жакын убактысын эркинен ажыратылган жайдан өткөргөн.


Ушул жылдын июль айынын башында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарынын аймагынан Б.К. аттуу жаран кармалып, эмгек мигрантына карактап кол салгандыгы толук далилденди. Россиянын мыйзамына ылайык кармалган жаран тергөө бүткөнгө чейин Москва шаарындагы Тергөө абагына камалат.


Азыркы учурда кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы же жоктугу териштирилип жатат.