Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов соцтармактагы колдонуучуларды, тагыраак айтканда аны мыйзам долбоору үчүн сынга алгандарды “түрү сууктар” деп шылдыңдаган болчу.
Бирок, кайра эми актана баштады. Ал мыйзам долбооруна башкалардын пикири эмнеге терс болуп жатканын көлөмдүү мыйзам долбоорун эч ким ачып окуп чыкпаганы менен түшүндүрдү.
Ал шайлоочуларын шылдыңдабаганын да айтууда.
“Кайсы сөзүм шылдыңдоо болду? Мен “түрү суук” деп шайлоочуларды айткан жокмун, жаратылышынан бардык жакшы нерсеге каршы чыккандарды айттым”, - деп жазды Пирматов.