Россиянын Липецк шаарындагы вокзалда кыргызстандык мекендешинин 120 миң рублин жана уюлдук телефонун уурдап алган.
Россиялык басылмалардын жазганына караганда, жабырлануучу жана шектүү бири бири менен бала кездеринен бери тааныш болушкан. Экөө тең Бишкекте чоңойушкан жана бир нече жылдан кийин Москвада капысынан кездешип калышкан.
Тааныштардын бири Россияга келгенине көп жыл болгонун, үйлөнүп, жарандык алганын айткан. Экинчиси андан жумушка орношууга жардам берүүсүн суранган. Биринчи баш тартпай, экөө эртең менен эрте Липецкке келишкен.
Вокзалдын перронунда тааныштар отургучка отурушкан. Жабырлануучу таанышына буюмдарын карап турууну суранып ары баскан. Кайра кайтып келгенде таанышын да, чоң суммадагы акча салынган капчыгы бар баштыгын да, уюлдук телефонун да таппай калган.
Россиянын укук коргоо кызматтары шектүү кармалганын билдиришкен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.