Нарындын Кочкор районунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо боюнча штаб ачылды. Экс-премьердин кичи мекениндеги жеке менчик үйлөрдүн бирине ачылган штабга каалоочулар барып, аны абактан бошотууну талап кылган кайрылууга кол коюп келсе болот.

 

Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди:

- Кочкор районунун тургундарынын өз демилгеси менен ачылды. Алар президентке кайрылып, ишти калыс кароону сурап жатышат.

 

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

 
Орусияда ар кандай мыйзам бузуулардан улам "кара тизмеге" кирип калган кыргызстандыктарга берилген миграциялык мунапыстын оош-кыйыштары тууралуу "Биз жана дүйнө" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында сөз болот.