Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун мэрия иштеп чыкты. Бул токтом борбор калаадагы муздак сууга жана канализацияга болгон тарифти бекитүү тууралуу.
Мэрия ичүүчү суунун 1 кубометрине бааны калк үчүн 1,5 эсеге (5,38 сомдон 8,1 сомго чейин) көтөрүүнү сунуштады. Андан тышкары тарифтер бюджеттик мекемелер үчүн да өсөт - 7, 38 сомдон 9,1 сомго чейин, бул 1, 23 эсеге кымбаттоо болуп саналат. Башка керектөөчүлөргө 9, 15 сомдон 13 сомго чейин кымбаттайт, бул 1, 4 эсеге.
Ошондой эле, суу агымдарын кабыл алуу жана тазалоо кызматтарына да бааны жогорулатуу пландалууда. Мында 1 кубометр үчүн калк 1,2 сомдун ордуна 2,3 сом төлөй баштайт. Демек, 1,9 эсеге көтөрүлөт.
Бюджеттик мекемелерге болсо 43 пайызга жогорулап, 2,1 сомдон 3 сомго чейин көтөрүлгөн баа туш келет. Башка керектөөчүлөргө 4, 02 сомдон 6 сомго, 49 пайызга чейин жогорулайт.
Мэрия учурда тариф кетирилген чыгымдарды актабай жатканын жана суу жеткирүүчү жабдыктардын эскирип, аларды оңдоого чама-чаркы келбей жатканын айтып актанууда.