Депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына маңзаттардын жеңил түрүн сатууну мыйзамдаштыруу,  мурдагы "Манас" авиабазасын эркин оюн аймагына айлантуу сунушун жазды. 

 

"Мен Малайзияда көп жолу болдум. Бул укмуштуудай өлкөдө өзүнчө оюн аймагы бар, ал жакка чет өлкөлүктөр барып казино ойношот. Мен Гентинг деп аталган жерге таанышуу иретинде барып көргөм. Көп туристтер канат жолунда ойноп, көрүп келүү үчүн барышат.

 

Малайзиянын өкмөтүнө диний ишеним казино ачууга жолтоо болбоду, анткени, алар тыюу салуу менен адамдардын башындагы нерсени жеңе албашын  жана да чет өлкөлүктөрдөн түшкөн акча эч убакта ашыкча болбошун билишет", - деп жазды депутат. 

 

Ал бир убакта америкалык авиабаза болуп турган жер беш жылдан бери каралбай чаң басып жатканын белгилеген. 

 

"Эмнеге ошол жерге эркин оюн аймагын ачууга болбойт? Ар кайсы өлкөдөн ар кандай адам визасыз учуп келип, ошол эркин оюн аймагына кире алмак. Инфраструктура дээрлик бар, ал жерде учак учуучу чийин турат. Башкаруу компаниясын жалдап, көңүл ачууга керектүү шарттарды түзүү керек. Керек болсо чет өлкөлүктөргө маңзаттардын жеңил түрүп сатып алууга жана колдонууга уруксат берүү керек. Башкысы бул жер өзүбүздүн жарандардын көңүл ачуучу жайына айланбашы зарыл. Ошондо бир гана пайдалуу жагы калат: салык, туризмдин өнүгүүсү, жаңы жумуш орундары, абамайдан өнүгүүгү түрткү алат, жергиликтүү ишканалар продукцияларын ошол аймакка сата башташат", - деген Дастан Бекешев.