Соцтармактарда Бишкек мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин кызматкерлери президенттин портрети менен ойноп жаткандагы видеосу тараган.

 

Бул боюнча Бишкек мэриясы төмөнкүчө билдирүү таратты:

 

Кезектеги пландалган жыйын учурунда биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев тарабынан вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбай Түлөбаевге жана “Бишкек унаа токтотуучу жай” муниципалдык ишканасынын башчысы Улан Жолдошовго кызматкерлерди мыйзам чегинде жазалоону тапшырды. Жаза кызматтан бошотууга чейин жетиши ыктымал.

 

 Видеодогу жигиттер “Бишкек унаа токтотуучу жайы” МИнин кызматкерлери экени аныкталды. Алар коомчулуктан кечирим сурашат.