Мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарев Атамбаевди суракка күч менен алып барууга болбой турганын айтты.
"Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде дагы суракка чакыруулар болот. Бирок, Алмазбек Атамбаев ИИМге барбайт. Эгер милиция күбөнү күч менен алып барганга аргасыз болсо, аны мыйзам бузуу катары кароо керек. Анткени, Атамбаевде иммунитет бар, мамлекеттик кайтарууда", - деди ал.
Эске салсак, ИИМ ушуну менен эки жолу Атамбаевди суракка чакырды. Мурдагы президент суракка барбай көөшөрүүдө. Депутат Исхак Масалиев анын кылмыш жоопкерчилигине тартууда иммунитети жоктугун билдирди. Парламент мурдагы президенттин кол тийбестик макамын июнь айында алышкан.