Москванын Таган райондук соту кыргызстандык такситтин баш коргоо чарасын карап, чечим чыгарды. Эске салсак, Кыргызстандан барып Москвада айдоочу болуп иштеп жаткан жаран жол кырсыгына себепкер катары табылган. Кырсыктан бир адам каза тапкан.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлагандай, жаран Баткен облусунун 1996-жылы туулган тургуну, Россияда таксист болуп иштеп жаткан. 8-июлда жол кырсыгына кириптер болгон. Сот кыргызстандыкты тергөө маалында абакка камоо боюнча чечим чыгарды.
Белгилей кетсек, кыргызстандык таксисттин автоунаасы менен мотоцикл кагылышып, мотоциклдин айдоочусу каза тапкан. Ал миллиардер Владимир Маруговдун уулу экени айтылууда.
Жол көзөмөлдөө камерага тартылып калган видео интернетке жарыяланды. Андан автоунаа бурулуп жатканда катуу ылдамдыкта келаткан мотоцикл урунганын көрүүгө болот.