Экс-башпрокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова кыйноолорго каршы Борборго кайрылды.
Айтымында, ал кечээ Аида Саляновага жолугууга абакка барган. Эске салсак, экс-прокурор Азиз Батукаевдин мыйзамсыз эркиндикке чыгышы боюнча ачылган кылмыш ишине айыпталууда.
Адвокат Салянованын абдан эле акыбалы начардыгына басым жасады.
“Ал абдан начар. Дем алуусу кыйындап, жүрөк тушу ооруп жатыптыр. Уйкусуздуктан жабыркоодо. Ал тез арада медициналык көзөмөлгө муктаж”, - деди адвокат.