Жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып пулдун көлөмү кыскарышы  мүмкүн. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

 

Айтымында, учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айрым беренелер боюнча айып пулду көтөрүү маселеси каралууда. Эми «Бузуулар» кодексинде каралган жасалма номурларды тагып жүргөн айдоочулардын жоопкерчилиги  «Жоруктарга» киргизилиши ыктымал. Ал белгилегендей, “жоруктар” жол кырсыгынын пайда болушун шарттабайт.

 

Андыктан, бул жааттагы айып пулдун көлөмү да аз болушу зарыл. Деги эле жол кырсыгын шарттабаган эреже бузуулар, мисалы жол чийимдеринин, жол белгилеринин талаптарына баш ийбөө сыяктуулар өзгөчө коркунуч келтирбейт. Мындай эреже бузуулар учурда II категориядагы айыпка киргизилип, айып пулдун көлөмү 3000 сомду түзөт. Эми аны I категорияга киргизип, айып пулду 1000 сомго жеткирүү пландалууда.

 

Бирок, айып пулду арзандатуу узак процессти талап кылат. Жогорку Кеңеш аркылуу “Бузуулар” кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши шарт. Учурда парламент жайкы эс алууга кеткенин эске алсак, майда эреже бузган айдоочулардын түйшүгү күз мезгилине барып жеңилдеши мүмкүн.