ЖАМК белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин автоунаасын уурдоого шектелген 25 жаштагы айыпталуучунун өлүмү боюнча билдирүү жасады.
Анда айтылгандай, шектүү Юрий Ликов баш коргоо чарасы каралган сот процессинен кийин каза болгон. 2-июлда, Свердлов райондук сотунун судьясы Жыпара Сабырова төрайымдык кылган процессте баш коргоо чарасы каралган.
Айыпталуучунун адвокаты анын баш коргоо чарасын абактан тыш жазага алмаштырып берүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу Болот Шамшиев да буга каршы болгон эмес. Андан бир күндөн кийин Ликов каза тапкан.
Ал эми маркумдун аялы күйөөсү абакта жаткан убагында дарыгерлердин көзөмөлүнө муктаж болгон деп айтууда.