“Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эрматов Джапар Асынбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

 

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”, - деп билдирди президенттик аппараттын басма сөз кызматы.

 

Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулганы боюнча кылмыш иши ушул жылдын январь айында жанданган. Анын алкагында мыйзамдагы уурунун дартын аныктаган дарыгерлер, лаборанттар кылмыш ишинин фигурантына айланышты. Ошондой эле, мурдагы вице-премьер-министр Шамиль атаханов,мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, экс-башпрокурор Аида Салянова да кармалган.