Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси болуп иштеген маркум Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира коомчулукка апасы жана инисинин сөөгүн табышуу суранычы менен кайрылды.
Учурда сөөктү издөөгө ыктырчылар тартылган. Кырсык болгондон икийин Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун жана 8 жаштагы небересинин сөөгү табылган. Маркумдун жубай менен 1992-жылы төрөлгөн уулунун сөөгү ушул күнгө чейин табылбай келет. Ыктыярчылар изделе турган аймак өтө кеңири экенин жана адамдар жетишпей жатканын айтышууда. Суунун көлөмү азайбагандыктан, жээктерди да караганга жардам керек.
Жакынкы убакта ыктыярчылардын тобу кырсык болгон жерге барууну пландашууда. Ага катышууну каалагандар төмөнкү телефон номерлерине кайрылса болот:
+996 555 459 595 (Тимофей), +996 552 358 896 (Людмила), +996 777 339 999 (Виктория). Индира - +996 555 484883