Эки күн мурда кеч күүгүмдө Ош базардын жанында автоунаасын токтотуп, кардар күтүп турган таксистке 25-35 жаштар чамасындагы төрт жигит келип, Кой-Ташка жеткирип коюусун өтүнүшкөн. "Кой-Таштын кайсы жерине?" - деген таксисттин суроосуна, "Атамбаевдин үйүнө!" - деп жооп беришкен. Мурдагы президенттин үйүн билбей турганын айткан таксистке көнүшкөн эмес, аны Кыргызстан толугу менен билчүдөй кабыл алып алган жигиттер ой-боюуна койбой, 500 сом төлөп беребиз деп Кой-Ташты көздөй айдатышкан.
Жолду катар жигиттер күн сайын кечинде ушинтип Атамбаевдин үйүнө барып, таң аткыча короосунда мурдагы президентти кайтарып жатышып, кайра эртең менен Ош базарынын жанындагы "биржа" жайына келишээрин айтышкан. Түнү менен кайтарып чыгышканы үчүн канча сом алышаарын жашырып коюшкан. Анан да жигиттер үйгө жете электе дүкөндүн алдына токтотуп, ичимдик алып ичишкен. Алар: "Короого ичимдик алып кирүүгө болбойт, бирок ичип алып кирсең боло берет", - дешкен.
Мурдагы президент түнү кимден коркуп, кимдерден "биржадагы" жигиттердин күчү менен жашынып калам деп ойлоп жатты экен?..