5-июлда Россия Федерациясынын Белгород облусунун Новый Оскол шаарынын  тургуну Вячеслав Андреев Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылган.

 

Ал милиция кызматына болжол менен саат  13:30да   Ысык-Көл районунун Тамчы айылына эс алууга бара жатып, Боом капчыгайындагы «Кызыл көпүрөнүн» тегерегиндеги жолдо кол сумкасын  жоготуп алганын айткан. Ал сумкасында   паспорту, айдоочулук күбөлүгү, автомашинасынын тхникалык паспорту жана 20 миң рубль, 15 миң тенге, 16 миң сом бар экенин билдирген. Унутуп кетип, кайра эстеп сумкасын калтырган жерге кайрылып келип, бирок таба алган эмес. Бул 40 мүнөттөй убакыт аралыгында болгон. 

 

Кийинчерээк белгилүү болгондой, жоголгон буюмду жергиликтүү жашоочулар табышып, ичиндегилерге тийишпестен, Тоң райондук ИИБ алып келишкен.