«Биз элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — приоритеттүү багытыбыз болуп саналат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземинде.
"Кыргызстан — жогорку окуу жайга кирүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө.
Белгилей кетүүчү нерсе — жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы туруктуу өсүү тенденциясына ээ болду.
Бюджеттик негизде окуган студенттердин жетишүүсү кескин түрдө жогорулады.
Эң негизги жыйынтык — жогорку билим алууга бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү, бул системага ишеним жогорулады.
Тесттерди пайдалануу — алыскы райондордун, айылдын бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусуна жакшы шарт түздү.
Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада өлкөбүздүн бардык региондорунан келген жаштар бар экени мени кубандырат.
Жалпы республикалык тестирлөө — ар бир бала үчүн анын жашаган жерине, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берет.
Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм.
Жалпы республикалык тестирлөө — бүтүрүүчүнүн билимин баалоо менен бирге, анын өзүн-өзү өнүктүрүүгө да мүмкүндүк түзөт.
Экинчи жагынан, тестирлөөнүн жыйынтыктары аркылуу билим берүү системасынын ишмердигин баалоого болот.
Тилекке каршы, бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калышты.
Ошол эле учурда өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли — ички дүң продукциянын 6 пайызын түздү.
Бул прогрессивдүү билим берүү системасы бар Финляндия, Малайзия, Франция, Эстония мамлекеттеринин деңгээлинде болду", - деди Сооронбай Жээнбеков.