Казакстанда өткөн жаш уландар арасындагы Азия биринчилигинде Кыргызстандан барган балбандар 13 медаль тагынып кайтышты.

 

Белгилей кетсек, мелдеш Нур-Султан шаарында болуп өттү. Кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 3 күмүш жана 9 коло медалга ээ болушту.

 

Грем-рим күрөшүндө 71 кг салмактагы категорияда күч сынашкан Бакдаулет Егембердиев  алтын медаль тагынган. 80 кг категориядагы Бекзат Оронкул уулу   менен 45 кг категориядагы Разак Бейшекеев   күмүш медаль алды. Ал эми 110 кг салмактагы Давран Садыков   менен 48 кг салмактагы Улукбек Сансызбаев   үчүнчү орунду ээлешип, коло медалга ээ болушту.

 

Кыз-келиндер күрөшүндө Назик Мирлан кызы,  Бермет Нурдин кызы,  Бурулсун Бекболотова жана Нурзат Нуртаева коло медаль утуп алышты.