Екатеринбургда 3-июлда кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Камчыбек Каримов киши колдуу болуп каза тапкан. Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, белгисиз бирөөлөр аны өз үйүнүн жанында эки жолу ок атып өлтүрүшкөн.
Кол салуудан улам Каримов окуя болгон жерде көз жумган. Ал ишкерчилик менен алектенген, "Таганский ряд" базарында соода жасаган. Аны менен катар Каримов крим дүйнөсү менен катышта болгон, ошондуктан ушундай кол салуу болду деп божомолдогондор да табылган.
Бирок, "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов мындай божомолдорду четке какты. Айтымында, маркум Камчыбек Каримов 20 жылдан бери мигрант болуп, Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын жетектеген. Ал крим дүйнө менен байланышпаган. Тескерисинче, мекендештерге аларга каршы турууга жардам берген. Ал жергиликтүү бийлик менен таза иштешкен. Ал эми ага кол салуу тоноо ниетинде болгону көрүнүп турат.