Президент Сооронбай Жээнбеков мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кандай адистиктер учурда актуалдуу болуп жатканын айтып берди. Бүгүн мамлекеттик резиденцияда республиканын мектептеринин мыкты бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи болууда. 

 

Мамлекет башчы белгилегендей, учурда маалыматтык технология, агрардык өнөр жай, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жайында адистиктерге таңкыстык бар. 

 

Ошондой эле ал мыкты бүтүрүүчүлөрдүн аракетинен бардык кесиптик чөйрө заманбап түзүмгө өтөөрүн белгиледи. 

 

"Биздин өлкө адам ресурсунун шарапатынан өнүгөт. Силердин алтын сертификатыңар - бул жогорку билим алууга биринчи ийгиликтүү кадамыңар. Мен ар бириңер өз жериңерге, мекениңерге ишенимдүү болуп, анын өнүгүшү үчүн салым кошосуңар деп ишенем", - деди өлкө башчы.