Түркиянын курорттук шаары Аланьяда Кыргызстандын жараны Муктарбек Иманалиевди белгисиз бирөө атып кетти. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда. 

 

Маалыматка караганда, 23 жаштагы кыргызстандык белгисиз киши менен уруша кеткен, жыйынтыгында ал ок чыгарып качып кеткен. Окуянын күбөлөрү шашылыш билдирүүлөр борборуна телефон чалышкан. Окуя болгон жерге келген медициналык кызматкерлер жабырлануучунун каза болгонун тастыкташкан. 

 

Аланьянын Башкы прокуратурасы көзөмөл камерасына тартылып калган окуя боюнча иликтөө иштерин баштады. Ошондой эле, кыргызстандыкка карай ок атылган тапанча да табылган.